“2013-жылы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык мигранттар мекенине 2,3 миллиард доллар жөнөтүштү”,- деди бүгүн, 25-июлда “Мекендештер-2014” форумунун ачылыш аземинде КРнын мурунку Президенти Роза Отунбаева.
Ал кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү кара жумуштарды аткарышарын айтып: “Кыргызстан жалпы дүйнөлүк миграциялык процесстерге кирип жаткандыгын байкап жатабыз. Өлкөнүн жетекчилигинин негизги милдети - кыргызстандык мигранттарга колдоо көрсөтүү. Анткени мекендештерибиздин укуктарын коргой албай жатабыз. Мигранттарга жардам көрсөтүүдө диаспоралардын эмгеги абдан чоң”,- деди ал.
"Миграция Кыргызстандын миңдеген тургундарын, жалпы айылдарын чет өлкөлөргө кетирип жатат.
Бүгүнкү күнү ММКларда көп учурда дүйнөдө болуп жаткан согуштар, кылмыштар, кырсыктар боюнча маалыматтарды угуп жатабыз. Мындай көрүнүш мекендештерибиздин коопсуздугуна коркунуч келтирет",- деп кошумчалады Р.Отунбаева.