“Кыргызстандыктар үйлөрүн эмес, сырттагы абаны жылуулатып жатышат” дейт Роза Отунбаева

Бүгүн, 25-июлда “Мекендештер-2014” форумунун ачылыш аземинде КРнын мурунку Президенти Роза Отунбаева: “Казакстан, Германия сыяктуу бай мамлекеттерде жарандар энергияны сактоочу альтернативдик булактарына өтүп жатышат. Биз болсо дагы деле үйлөрүбүздү эмес, сырттагы абаны жылуулатып жатабыз”,- деди.

“Жакында электр энергиянын баасы кымбаттайт” деген кептер айтылып жатат. Анткени электр энергия арзан болгондуктан, кыргызстандыктар мындан ашыгы менен пайдаланууда. Форумдун бир бөлүгүндө энергияны үнөмдөөчү альтернативдик булактар тууралуу маселе каралат”,- деди ал.

Мындан тышкары Р.Отунбаева туризм жөнүндө айта кетти. “Франциянын жарандыгын алган вьетнамдыктар мекенине 10 чакты туристти алып келүүнү милдет катары алышкан. Мунун максаты - өз мекенинде туризмди өнүктүрүү. Биз дагы ушундай кылсак туура болмок”,- деп түшүндүрдү мурунку президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан