Өкмөт башчы: "Ысык-Көлдөгү губернатордун жыйынында кеминде 9 адам уктап жатат, иштебейбиз десеңер, арыз жазып кеткиле”

Бүгүн, 25-июлда Өкмөт үйүндө өткөн жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев: Губернаторлор, акимдер "ыйгарым укугубуз аз" деп жатыптырсыздар. Андай болсо арыз жазып кеткиле”,- деп билдирди.

Мына мендеги маалыматта Ысык-Көлдөгү губернатордун жыйынында кеминде 9 адам уктап жатат. Сүрөттөрү, фамилиялары менен колумда турат. Бул көрүнүш биз үчүн керекпи? Сиздер "биздин ыйгарым укуктарыбыз аз, иштебейбиз" деп жатыптырсыздар. Андай болсо арызыңыздарды жазып кетиңиздер. Сиздердин ордуңуздарга келем деген талапкерлер кезекте турушат”,- дейт Оторбаев.

Ошондой эле Оторбаев быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында экономикалык өсүү 4,1 пайыз эле болгонун айтты. “Бул сан аз. Анан да аймактарда канча жумуш орундарын түздүңүздөр, унчукпай жүрөсүздөр”,- деп кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан