Темир Сариев: “Экономикалык өсүштүн төмөндөшүнө аймактардагы митингдер таасирин тийгизүүдө”

Өлкөнүн экономика министри Темир Сариев бүгүн, 25-июлда 2014-жылдын жарым жылдыгынын отчёту боюнча маалымат берип жатып “Экономикалык өсүш төмөн. Ага аймактардагы митинг, жол тосуулар, нааразычылыктар  терс таасирин берип жатат” деди. 

"Митингдердин айынан ишканалар жабылды, чет элдик инвестициянын көлөмү түшүп кетти. 6 айдын ичинде инвестициянын көлөмү 8,4 пайызга түшүп кетти. Тышкы соода жүгүртүү боюнча 6 пайызга азайып кетти. Бажы биримдигине кирген мамлекеттер биздин негизги өнөктөштөрүбүз. Алар мыйзамдарын күчөттү. Биз Орусия менен Казакстанга 60 пайыз экспорт жасачубуз. Бажы биримдигине кирүүбүз кечиккен сайын бул экономикалык өсүү төмөндөп жатат. Бул боюнча калчу болсок, бул көрүнүш 2015-жылга да таасирин берет",- деди Сариев.

Ал эми 2014-жылдын соңуна чейин көрсөтүлгөн пландарды аткарууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан