"MegaCom" компаниясынын акциялары толугу менен мамлекеттин менчигине өткөрүлдү

«Альфа Телеком» ишканасынын 51 пайыз акциясы мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу 25-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти билдирди. 

Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык райондор аралык сотунун аныктамасы менен «Альфа Телеком» ЖАКынын 51 пайыз акциясынын сот камоосу алынып, мамлекет ишкананын 100 пайыз акциясына ээлик кылууга  мүмкүнчүлүк алды. Мындан улам республикалык бюджет 2009-2013-жылдардын жыйынтыгы боюнча дивиденд катары чегерилген 2 миллиард 875 366 сом менен толукталды.

«Альфа Телеком» ЖАКы 2009-жылдын 4-июнунда жалгыз уюштуруучу А.Елисеев тарабынан түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы №44-декрети менен «Альфа Телекомдун» акциясынын 49 пайызы улутташтырылган. Улутташтырылган учурда «Альфа Телекомдун» акциясынын 51 пайызы «Southfield Management Inc» жана «Vesatel Unitеd Limited» компанияларынын, мындайча айтканда, А.Елисеевдин менчигинде эле.

Жогоруда аталган эки компанияны А.Елисеев башкаргандыктан, 2011-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Бишкек шаардык райондор аралык сотуна «Региструм» ЖЧКсы, «Southfield Management Inc» жана «Vesatel Unitad Limited» компанияларына «Альфа Телеком» ЖАК акцияларын сатып алуу тууралуу сатуу-сатып алуу келишимин, акционерлердин реестрине өзгөртүүлөрдү каттоону жокко чыгаруу, бүтүмдүн жараксыздыгынын залакасын колдонуу менен А.Елисеевдин менчигине «Альфа Телекомдун» акцияларынын 51 пайызын кайра кайтаруу жөнүндө доо арыз менен кайрылган.

Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2013-жылдын 30-декабрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин арызы канааттандырылып, акцияларды сатуу-сатып алуу бүтүмү жараксыз деп табылган. Ошентип, А.Елисеевге «Альфа Телекомдун» акцияларынын 51 пайызы кайра кайтарылган.

Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 14-апрелиндеги аныктамасы менен Бишкек шаардык райондор аралык сотунун бул чечими күчүндө калтырылды.

Райондор аралык соттун чечимин аткаруу үчүн акциялардын 51 айызы А.Елисеевдин менчигине кайра катталган. Андан соң Ош шаардык соттун 2013-жылдын 16-июнундагы А.Елисеевге карата айыптоо өкүмү боюнча кошумча чара катары мүлкү конфискацияланып, мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн.

Бишкек шаардык райондор аралык соттун 2014-жылдын 14-июлундагы аныктамасы боюнча, мурда А.Елисеевге тиешелүү болгон «Альфа Телеком» ЖАКынын акцияларынан сот камоосу алынып салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан