Эмилбек Каптагаев “Ысык-Көл облусунун жыйынында эч ким уктаган эмес, бул сүрөттөр монтаждалган” деди

Бүгүн, 25-июлда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өкмөт жыйынында Ысык-Көл облусунун жетекчилеринин ишин сынга алып, жыйында уктап жаткан жетекчилердин сүрөтүн көрсөттү. Жыйынга катышып жаткан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев жыйында эч ким уктабаганын жана бул сүрөттөр монтаждалганын айтты.

Мен сиздин жогоруда айтканыңызга кошулбайм, жыйында эч бир киши уктаган эмес. Бул атайын кимдир бирөөлөр тарабынан уюштурулуп, монтаждалган сүрөт. Азыр баарын жасаса болот. Керек болсо азыр бул жердеги өкмөт жыйынында отургандарды да уктатып койсо болот”,- деп жооп кайтарды Каптагаев.     

Эскерте кетсек, бир апта мурун маалымат каражаттары Ысык-Көлдөгү облустук жыйында 9 адамдын уктап жатканын сүрөткө тартып, интернет коомчулукка жарыяган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан