Өкмөт башчы улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын иш-чараларынын аткарылышын тездетүүнү тапшырды

Бүгүн, 25-июлда өкмөт жыйынында экономика министри Темир Сариевдин 2014-жылдын биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жана 2017-жылга чейинки улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын ишке ашырылышы тууралуу маалыматы угулду.

Жыйында Жоомарт Оторбаев сентябрь айында Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында стратегиялык өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өтөрүн айтып, жыйынга катышкандардан алдыларына коюлган милдеттерди аткарууну суранды.

Өкмөттүн 2014-жылга карата улуттук стратегиянын ишке ашырылышы тууралуу маалыматы угулат. Ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү администрация башчылары Улуттук кеңештин келерки жыйынына мыкты даярданышы керек. Стратегиянын максаты жана милдеттери артта калуу менен аткарылууда. Ишти активдештиргиле жана алдыңыздарга коюлган милдеттерди аткарыңыздар”,- деди премьер.

Жоомарт Оторбаев мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жетекчилерине стратегияны өз убактысында ишке ашыруу үчүн токтоосуз чараларды кабыл алууну тапшырды. “Алдыга коюлган милдеттерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыздар. Жакынкы арада үстүбүздөгү жылга карата стратегияны ишке ашыруу графигин түзүп, өкмөттүн кароосуна киргизиңиздер. Сиздердин ишиңиздерге графиктин негизинде ай сайын мониторинг жүргүзүлөт”,- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан