2014-жылдын 6 ай аралыгында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 5250 текшерүү жүргүзүлүп, бюджетке 2 миллиард 779,8 миллион сом түштү. Бул өткөн жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 856 миллион сомго же 44 пайызга көп. Укук коргоо органдарына жалпы суммасы 159,1 миллион сомго барабар болгон 37 материал жөнөтүлдү.
Мындан сырткары 6 ай ичинде жеке ишкерликтеги салык мыйзамынын сакталышы боюнча көзөмөлдөөчү рейд өтүп, 8319 эреже бузуу катталды. Жыйынтыгында 26,7 миллион сом айып пул салынды. Республика боюнча 1-июнга карата мамлекеттик органдарга 643 357 субъект катталса, салык органдарындагы каттоодон 526 142 субъект өттү. Бул тууралуу 25-июлдагы Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынында белгилүү болду.