Өкмөт: “Кыргызстандыктардын 60 пайызы Бажы биримдигине кирүүнү колдоп жатат”

Бүгүн, 26-июлда “Мекендештер-2014” форумунда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев: “Кыргызстандыктардын 60 пайызы Бажы биримдигине кирүүнү колдоп жатат”,- деп билдирди.

Анын айтымында, калган 40 пайыздын жарымы каршы чыкса, жарымы бир пикирге келе элек. “Кыргызстан интеграциялык биримдиктерге кириши керек. Биздин өлкө мындай кадамга барган алгачкы мамлекет эмес. Дүйнө боюнча биримдиктердин бардыгынын тажрыйбалары ийгиликтүү. Мисалы, Прибалтиканын өлкөлөрү Европа биримдигине кирип жатканда миңдеген мигранттар чет өлкөлөргө кетип калышкан. Инвесторлор ушул мамлекеттерде ишканаларды ачкан соң, жаңы жумуш орундары түзүлө баштаган”,- деди өкмөт башчысы.

Мындан тышкары ал Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин өлкөдө кымбаттап кетчү азык-түлүктөр боюнча айта кетти. “Казакстандагы жана Орусиядагы бааларды салыштырсак, айырма анча чоң эмес. Бизде эттин баасы гана 30 пайызга арзаныраак. Ал эми жумуртка, ун, нандын баалары бирдей эле болууда. Ошондуктан баалардын бир учурда бир топ деңгээлге өсүп кетиши күтүлбөйт”,- деп түшүндүрдү Ж.Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан