Өкмөт башчы: "Кыргызстанда жыл сайын 100 миңдей жаштар эмгектенүү үчүн чет өлкөлөргө кетишет"

Бүгүн, 26-июлда “Мекендештер-2014” форумунда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев: “Кыргызстанда жыл сайын мектеп жана жогорку окуу жайларынын 100 миң чакты бүтүрүүчүлөрү чет өлкөлөрдө эмгектенүүгө кетип жатышат”,- деп билдирди.

Анын айтымында, бул көйгөйдү бир гана өкмөт чече албайт. “Миграция маселесин чечиш үчүн тиешелүү мыйзамдар керек, коррупцияны жок кылуу зарыл. Биз инвесторлорду чакырууда иштеп жатабыз. Алар ишканаларды ачууга ниети бар. Инвестициялар туура иштетилиш үчүн керектүү шарттарды түзгөнүбүз туура. Ошондо инвесторлордун акча каражаттарына курулган ишканалар эмгек ресурстарына муктаж болуп, биздин жарандарга жумуш орундары ачылат”,- деди ал.

Андан соң премьер-министр мурунку президент Роза Отунбаевга кайрылып: “2010-жылдын апрелинде тоталитардык-монополдук принциптерди жок кылдыңыздар. Эми биз экинчи кадамды жасашыбыз керек”,- деди. “Конкуренциясы жок өлкө эч качан өнүкпөйт. Өлкөдө конкуренциянын негиздерин түзүү - биздин негизги  милдетибиз,- деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан