Роза Отунбаева окуу жайларда миграция боюнча сабакты киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 26-июлда “Мекендештер-2014” форумунда Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева мектептерде жана жогорку окуу жайларда миграция боюнча программаны киргизүүнү сунуштады.

“Бүгүнкү күнү миграция Кыргызстанда эң көйгөйлүү маселе болуп жатат. Эгер балдарыбыз муну билбей, түшүнбөй жүрө берсе, бул маселе чечилбейт. Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы университтерге миграция боюнча адистер керек. Мындан тышкары бул маселени мыкты билген журналисттерди даярдашыбыз зарыл”,- деди ал.

Андан соң Роза Отунбаева иш-чарада катышып жаткан 25 диаспоранын башчыларына кайрылып, кыргыз тилиндеги китептердин электрондук варианттарын чыгарууну сунуштады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан