Таластагы чек ара отрядынан качып кеткен 4 жоокер кармалды. Бул тууралуу 27-июлда SUPER.KG порталына Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
Анын айтымында, жоокерлер 26-июлдан 27-июлга караган түнү качып кетишкен. Алардын баары Талас облусунун тургундары. Издөө иштерине тийиштүү органдар тартылып, азыркы тапта төрт жоокердин баары кармалышты. Алар менен сүйлөшүп, чек ара отрядын таштап кетишкендигинин себептери аныкталууда.