Кыргыз-казак ортосунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси талкууланды

26-июлда Чолпон-Ата шаарында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана Казакстан премьеринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаевдин катышуусунда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү маселесин талкуулаган кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү жүрдү.

Тараптар Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүүсү боюнча бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле айрым товарларды экспорттоо, “Луговая” станциясындагы мунай продуктуларынын кармалышы, бажы постторунун иштеши жаатындагы кызматташууну жөнгө салуу сыяктуу маселелерди чечүүнүн так жолдорун карашты.

Жыйын соңунда Жоомарт Оторбаев жана Бакытжан Сагинтаев 2014-жылдын 29-майында Астанада кабыл алынган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечимин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан