Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы Кыргызстандагы мусулмандарды эртеңки, 29-июлдагы Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу мусулмандар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Жараткан жалпы момун мусулмандын орозосун кабыл кылсын.
Ыйык Орозо айт күнү тилеген аруу ой-максаттарыбыз жүзөгө ашсын. Жараткан жергебизге кут-берекесин төгүп, элибиздин ырыскысы мол болсун. Жүрөктөрдө ыйманыбыз бекем болуп, ынтымагыбыз арта берсин. Элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгө берсин!”