Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков 2012-жылы эл аралык мелдештерге катышып, Ош олбусуна ийгилик алып келген 27 спортчуну жана 8 машыктыруучуну Ардак баракча жана баалуу белектер менен сыйлады. Алардын катарында “Супер Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2012-жылдын мыкты спортчусу” наамын алган эрежесиз эр уруш боюнча Азиянын бир нече жолку чемпиону Кылыч Саркарбаев да бар.