КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев 30-июлда "Google Inc." корпорациясынан келген делегацияны кабыл алды. Жолугушууда компаниянын кызматкерлери өкмөт башчыга өлкөнүн кооз жерлерин эки жарым метр бийиктиктен тартылган
3D сүрөттөрдү интернетке жайгаштырууга ылайыкташкан "Street view" ("Көчөлөрдү көрүү" кызматы) инновациялык долбоор тууралуу айтып беришти.
Жоомарт Оторбаев бул долбоор туристтерди тартууга кошумча жардам берерин билдирип: "Биз өлкөбүздү туристтер үчүн ачык өлкө катары тааныткыбыз келет. Туризм тармагы мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыт болуп саналат. Жылына Кыргызстанга 3 миллиондой адам келет. 2 жыл мурун 44 өлкө үчүн визалык режим токтотулгандан кийин туристтердин саны көбөйдү. "Street view" өлкө маркетинги үчүн күчтүү курал болуп калат. "Google" компаниясы туристтик багытты өнүктүрөт деген үмүттөбүз жана долбоордун ишке ашуусуна көмөктөшөбүз",- деди.
"Google" компаниясынын кызматкерлери аталган долбоор дүйнөнүн 56 мамлекетинде ишке ашырылып келерин айтышты.