Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү Кыргызстанга техникалык жана каржы жактан колдоо көрсөтүү уланарын айтты

КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Бүткүл дүйнөлүк банктын "Глобалдык тажрыйба" программасынын жаңы жетекчиси Навид Хасан Нагви менен жолугушту. Бул тууралуу 31-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Анда министр: "2012-2014-жылдарда калкты социалдык жактан коргоо стратегиялык программасын ишке ашырып жатабыз. Бирок азыркы тапта электр энергияга болгон бааны жогорулатуу, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши сыяктуу орчундуу көйгөйлөр бар. Биздин министрлик бул процесстердин алдында калктын социалдык жактан муктаж бөлүгүнүн адаптациясына көңүл бурушу керек",- деди.

Өз кезегинде Навид Нагви Кыргызстанга Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан техникалык жана каржы жактан колдоо көрсөтүү уланарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан