Бүгүн, 1-августта экс-мэр Иса Өмүркуловдун иши боюнча сот өкүм чыгарат. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, 23-июль күнү болгон сот отурумунда Иса Өмүркулов акыркы сөзүн айткан. Анда ал ага тагылган айыптоолор далилденбегендигин жана эч кандай күнөөсү жок экендигин белгилеп өткөн. Бирок бул иш боюнча чечим чыгаруу 1-августка жылдырылган эле.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүшүүдө.