Тажикстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эл аралык көйгөйлөрдү талкуулашты

31-июлда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин отуруму орун алды. Ага КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баш болгон кыргыз делегациясы катышты. 

Отурумда мамлекеттердин тышкы саясат боюнча мекеме жетекчилери 2014-жылдын сентябрь айында Дүйшөмбү шаарында өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына болгон даярдыктар жөнүндө сөз болду. Ошондой эле кызматташууну өнүктүрүү жана аймактык, эл аралык көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Бул тууралуу 1-августта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан