“Кыргызгазпром” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев: "Өзбек тарап Кыргызстандын карызы жок болсо да газды өчүрүп салган. Биз ага жооп катары Ысык-Көлдөгү “Рохатка” жарык бербей коюшубуз керек"

“Кыргызгазпром” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Ысык-Көлдөгү Өзбекстандын 16 миллион сомдук карызы бар “Рохат” эс алуу жайына электр жарыгын бербөөнү сунуштады. Ал бул туурасында кечээ, 31-июль күнү Энергетика жана өнөр жай министрлигинин коллегиялык жыйынында айткан.

Айтымында, Өзбекстан газды Кыргызстандын карызы жок болсо да өчүрүп салган. Биз ага жооп катары “Рохатка” жарык бербей коюшубуз керек.  

“Алардын пансионаты жарык үчүн карыз болсо, өчүрүш керек. Биз газга болгон төлөмдү алдын ала төлөп жатканыбызда да өчүрүп салды. Биз эмнеге мындай кыла албайбыз? Бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстан менен сүйлөшө албай жатам”,- дейт Кулмурзаев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан