Бүгүн, 1-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Ахматбек Келдибековдун иши боюнча сот отуруму уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-июль күнү Келдибековдун иши боюнча сот отуруму болмок. Бирок отурумга Келдибеков келген эмес. Мындан улам сот ишин кароо 1-августка жылдырылган болчу.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган.