Экс-мэр Иса Өмүркулов жана аны менен бирге айыпталып жатышкан мэриянын бир катар кызматкерлери соттун өкүмүн 5 сааттан бери күтүшүүдө

Октябрь райондук сотунда Иса Өмүркулов жана аны менен бирге айыпталып жатышкан мэриянын бир катар кызматкерлери соттун өкүмүн күтүшүүдө. Бул тууралуу сот отурумуна катышып жаткан кабарчыбыз бүгүн, 1-августта билдирди.

Анын айтымында, судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө саат 10:30да эле кирип кеткен.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери  ДүйшөнбиевТезекбаевАбдыкаровКадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүшүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан