Өлкө башчы темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 1-августта Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ирсалиев Темир жолчулардын күнү жана "Кыргыз темир жолунун" 90 жылдыгына арналган салтанатта өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин куттук сөзүн окуп берди.  

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

Урматтуу темир жолчулар, "Кыргыз темир жолунун" ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Темир жолчулардын күнү жана "Кыргыз темир жолунун" 90 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Кыргыз темир жолу - өлкөбүздүн тарыхынын бир бөлүгү. Жаратман муундун – аталарыбыздын, апаларыбыздын даңктуу тарыхы. Оор шарттарда өлкөбүздү бутуна тургузуп, мекен үчүн жан аябай эмгектенгендердин мээнети.

Совет доорунда гүлдөп өнүккөн "Кыргыз темир жолу" эгемендик жылдары далай кыйынчылыктарды баштан кечирди. Бирок сиздердин өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер, талбаган эмгегиңиздер тармакты сактап, өнүгүүгө жол ачты.

Учурда кыргыз темир жолчуларынын алдында Кыргызстанды транзиттик өлкөгө айландыруу милдети турат. Өлкөнүн ыңгайлуу жайгашуусун пайдаланып, эл аралык транспорттук системде татыктуу орун ээлеш керек. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы темир жолду куруу боюнча эл аралык долбоорду ишке ашырууга бардык күч-аракетти жумшоо зарыл.

Кыргыз темир жолчулары милдетин толук ишке ашырат деп ишенем. Эң негизгиси, өз күчүбүзгө ишенип, талыкпай эмгектенели!

"Кыргыз темир жолунун" бардык кызматкерлерине, ардагерлерибизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан