“Роснефть” мунай компаниясынын жетекчиси Игорь Сечин “Луговое” темир жол станциясында 3 айдан бери Кыргызстанга өткөрүлбөй кармалып турган 500гө жакын күйүүчү май жүктөлгөн вагондор боюнча Казакстандын премьер-министри Карим Масимовго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу кечээ, 31-июлда белгилүү болду.
Анда Кыргызстанга ташылып бара жаткан 26 миң тоннага жакын күйүүчү майдын өткөрүлбөй кармалып турушу мыйзамсыз экендиги айтылган. Ошондой эле кайрылууда Игорь Сечин казак өкмөт башчысынан бул маселени өз көзөмөлүнө алып, тезирээк чечип берүүсүн суранган.
Айта кетсек, күйүүчү май жүктөлгөн вагондор үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери Казакстандын Жамбыл облусундагы “Луговое” темир жол станциясында кармалып турат. Казак тарап болсо “күйүүчү майга керектүү документтер толук эмес” деген жүйөнү кармашууда.