Өлкө башчыга Социалдык фондунун төрагасы пландаштырылып жаткан пенсияларды жогорулатуу тууралуу айтып берди

Бүгүн, 1-августта Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн Социалдык фондунун азыркы кездеги ишмердиги, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын күзүндө пландаштырылып жаткан пенсияларды жогорулатуу тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Мухаммедкалый Абылгазиев көп компоненттүү жана жарандарды татыктуу жана мезгилге шайкеш келген пенсия менен камсыз кыла турган Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системин өнүктүрүү концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Мамлекет башчысы Социалдык фондго керектүү төлөмдөрдү абийирдүүлүк менен төлөгөн жарандарга карата калыс болгон пенсиялык системди өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан