Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалды

Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-августта кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Абдил Сегизбаев 1973-жылы 25-июнда туулган.

1996-жылы Скрябин атындагы Айыл чарба институтун бүтүргөн. 

1995-2000-жылдары "Сорос-Кыргызстан" фондунун координатору болуп эмгектенген.

2000-2003-жылдары Эл аралык кызматташуу боюнча швейцариялык ассоциациянын координатору;

2003-2005-жылдары КРнын Президенти Аскар Акаевдин басма сөз катчысы;

2011-2012-жылдары өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы;

2012-жылдын 3-мартынан тартып КРнын Президентинин аппарат бөлүмүнүн башчысы;

2012-жылдын 19-октябрынан тартып маалыматтык-саясат боюнча президенттин кеңешчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан