Бүгүн, 1-августта Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери бардык беренелер боюнча акталышты. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарды.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталышкан.