Бүгүн, 4-августта өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кытайдын премьер-министри Ли Кэцянга кечээ, 3-августта адам курмандыгы жана кыйроолор менен коштолгон Юньнань провинциясында болуп өткөн жер силкинүүгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жиберди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Телеграмманын тексти:
“Улуу даражалуу премьер-министр!
Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы жер титирөөнүн натыйжасында көп сандагы адамдар курман болгондугуна байланыштуу менин терең кайгыруумду кабыл алыңыздар.
Кыргызстан өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындарына, туугандарына көңүл айтуумду билдирем жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетүүсүн тилейм”.