2014-жылдын январь-июль айларында дем берүүчү гранттар боюнча республикалык бюджеттен 138 долбоорго 69,7 миллион сомго каржылоо жүргүзүлдү. Анын ичинен 16,5 миллион сомго 70 долбоор толугу менен ишке ашырылды. Бул тууралуу 5-августта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорлорго каралган каражаттар, анын өзгөчөлүгүнө жана суммасына жараша бир канча этап менен бөлүнүп берилет. Анткени долбоорлорду аткаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каржылоонун кийинки этабы үчүн долбоордун аткарылып жаткандыгы боюнча отчётторун берүүгө тийиш.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын бюджетинде дем берүүчү гранттар аркылуу долбоорлорду каржылоого 400 миллион сом каралган.
Жогоруда аталган каражаттар 138 объект долбоорлоруна төмөнкү категориялар боюнча бөлүштүрүлдү:
№ | Категориялар | 2014-жылдын 1-августуна карата |
Объектилердин саны | Бөлүнгөн каражаттар (миллион сом) |
1 | Мектептер | 70 | 36888,1 |
2 | Балдар бакчасы | 25 | 13254,6 |
3 | Маданий маанидеги объектилер | 8 | 3780,2 |
4 | Спорт объектилери | 10 | 4997,0 |
5 | Саламаттыкты сактоо объектилери | 3 | 1846,6 |
6 | Инженердик-байланыш инфраструктураларынын объектилери | 11 | 3340,5 |
7 | Административдик маанидеги жана башка объектилер | 11 | 5604,7 |
| Бардыгы | 138 | 69 711,7 |