Вице-премьер-министр Валерий Диль "Бириккен машина куруу заводунун" өкүлдөрү менен жолугушту

КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль 5-августта "Бириккен машина куруу заводунун" улук вице-президенти Игорь Молибог жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун долбоорун ишке ашыруучу топтун тең төрагасы Игорь Колесовду кабыл алды.

Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө керектелүүчү машиналарды куруу, жабдууларды даярдоону талкуулашты.

"Кыргызстан газ, мунайзат өнөр жайы, тоо-кен жабдууларынын заманбап үлгүлөрүн алып келүүгө кызыкдар. "Бириккен машина куруу заводунун" чыгарган техникалары көптөн бери иш алып барганы белгилүү. Биз республиканын өндүрүш тармагындагы потенциал үчүн жаңы жабдууларды алып келүүгө даярбыз",- деди вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан