Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн санынын өсүшүнүн туруктуу тенденциясы байкалган, бул тууралуу төмөнкү статистика тастыктайт: өткөн жылга салыштырмалуу 22 970 декларацияга көп тапшырылган.
2014-жылдын 1-мартынан тартып 1-майына чейинки мезгилде түшкөн арыздар боюнча 558 уюмга бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтү узартылып берилген. 1-июлга карата алардын ичинен 546 уюм декларацияларын тапшырышкан.
Белгилей кетсек, 2013-жылдагы декларациялык кампания үстүбүздөгү жылдын башталышынан тартып 1-мартка чейин юридикалык жактар үчүн, 1-июлга чейин жеке жактар үчүн өткөрүлгөн. Жеке жактарга мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттин негизинде салык төлөгөндөр), менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, анын ичинде жер тилкеси бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар кирет.
Жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын берүүнүн мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылгандыгына байланыштуу 1-апрелден тартып 30-июнга чейин 7893 салык төлөөчү кошумча тапшырышкан.