Бүгүн, 6-августта Бишкекте “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2015-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланууда. КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев баш болгон иш-чарада министрлер, мамлекеттик кызматтардын жетекчилери жана адисттер катышып жатат.
Айта кетсек, мамлекеттик финансыларды башкаруу системин реформалоонун алкагындагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары бюджеттик процесстин ачык-айкындыгын камсыздоо аталган иш-чараны өткөрүүнүн башкы максаты болуп саналат.
“Мамлекеттик финансыларды башкаруудагы потенциалды өнүктүрүү ”долбоору боюнча 2015-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 101,5 миллиард сомго же ички дүң продукцияга (ИДП) карата 22,9 пайыз болжолдонууда, чыгаша бөлүгү 115,6 миллиард сомду же ИДПга карата 26,1 пайыз түзүүсү пландалат. Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 14,1 миллиард сомго же ИДПга карата 3,2 пайыз болжолдонууда.