Республикалык бюджеттин кийинки жылдагы кирешелери 117 миллиард сомго, 2017-жылы 142 миллиард сомго чейин өсөт

Республикалык бюджеттин кирешелери 2015-жылдагы 117 миллиард сом деңгээлинен 2017-жылы болжол менен 142 миллиард сомго чейин өсөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат боюнча башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов билдирди.

Анын айтымында, орточо мөөнөттүү келечекте бюджеттик кирешелердин жогорулашы салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнүн эсебинен жүрөт. “Салыктык түшүүлөрдүн номиналдык көлөмү 2015-жылы 95,1 миллиард сомдон 2017-жылы 124,4 миллиард сомго чейин көбөйөт. Ал эми салыктык эмес түшүүлөр орточо 13,7 миллиард сомду түзөт”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан