2014-жылдын 21-майына карата КРнын мамлекеттик карызынын өлчөмү 187 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат боюнча башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карызы 174,2 миллиард сом, ички карызы 12,8 миллиард сомго барабар. “Алдыдагы 3 жылга мамлекеттик карыздын көлөмүнүн өзгөрүү динамикасы насыяларды жана жаңы тартылган карыздарды өздөштүрүү суммасына жараша болот. Бирок мамлекеттик тышкы карыздын чоңдугу ички дүң продукциянын көлөмүнүн 60 пайызынан ашпайт”,- деди Асангулов.