Бир жыл ичинде он миңге жакын жаран өз мүлктөрүн жана кирешелерин мыйзамдаштырды

2013-жылдын 1-июлунан тартып 2014-жылдын 1-июлуна чейин өлкөдө 9840 жаран өз мүлктөрүн жана кирешелерин мыйзамдаштырды. Маалыматты КРнын Юстиция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде кирешелерди жана мүлктөрдү легалдаштыруу боюнча кампанияга 7121 адам катышкан. Анын ичинде Бишкек шаары боюнча - 5353, Чүй облусу - 1066, Ош облусу жана Ош шаары - 323, Жалал-Абад облусу - 119, Ысык-Көл облусу - 137, Нарын облусу - 67, Талас облусу – 17 жана Баткен облусу - 39.

Декларациялык кампаниянын мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна чейин узартылгандыгына байланыштуу бул жылы 2719 жаран өз мүлктөрүн жана кирешелерин мыйзамдуу каттаткан. Анын ичинде Бишкек шаары боюнча - 1703, Чүй облусу - 421, Ош облусу жана Ош шаары - 186, Жалал-Абад облусу - 258, Ысык-Көл облусу - 107, Нарын облусу - 16, Талас облусу – 7 жана Баткен облусу - 21.

Республика боюнча жалпысынан 45 миллион сом суммасында декларациялоо чегинен ашкан кирешелердин жыйынды суммасын жана мүлктүн наркын ар бири 450 миң сом өлчөмүндө бир жолку декларациялык төлөм төлөгөн 83 декларация тапшыруучу көрсөткөн. Алардын ичинен Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча - 80, Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча - 3.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан