Бүгүн, 6-августта
Алмазбек Атамбаев КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору
Орозбек Молдалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү диний кырдаал жана дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясынын алкагындагы иштер талкууланды.
Алмазбек Атамбаев бул жааттагы мамлекеттик саясаттын өзгөрүүсүнө багытталган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп өттү.