“Медициналык кызматкерлердин маяналары жакынкы жылдары кескин жогорулатылбайт” дейт Динара Сагынбаева

Бүгүн, 6-августта “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2015-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун коомдук талкуулоодо КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева: “Жакынкы жылдары медициналык кызматкерлердин маяналарын кескин түрдө жогорулатуу күтүлбөйт”,- деди.

“Мамлекеттик медициналык кызматкерлердин маяналары акыркы жолу 2011-жылы көтөрүлгөн. Бул жогорулатуу биздин кызматкерлерибиздин чет өлкөлөргө кетпешине жакшы салым кошкон. Бирок жакынкы жылдары мындай жогорулатуу пайдалуу натыйжаларды көрсөткөн айрым кесиптерге гана пландалган. Анткени бул дүйнөлүк практика. Муну туура деп ойлойбуз. Ким натыйжаларды көрсөтсө, ошолорго маяна көтөрүлөт”,- деп түшүндүрдү министр айым.

КРнын Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Канат Асангуловдун айтымында, Кыргызстанда жыл сайын маянаны жогорулатууга мүмкүнчүлүк жок. “2013-жылы айрым тармактарда маянаны көбөйтүүгө 1 миллиард сом кеткен. Кийинки жылга 1,5 миллиард сом карап жатабыз. Жалпы республика боюнча маяна төлөөгө 43 миллиард сом сарпталат. Бул көрсөткүч боюнча биз коңшу мамлекеттерден жогорудабыз”,- деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан