Өмүрбек Текебаев жана Калыкбек Султанов Тоң районунун эли менен көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты

Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында 5-август күнү Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жана КРнын Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов жергиликтүү тургундар менен жолугушту. 
Жолугушууда тургундар көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун талкууга алышты. Тоң районунун үстүнкү өрөөнгө кеткен жолдорун асфальттоо, Кара-Коо жана Оттук айылдарына мектеп куруу негизги маселелердин бири болду. Ошондой эле тургундар сугат маселесин чечүү максатында райондогу Үч-Коргон, Кызыл-Туу жана Ак-Сай суусуна суу топтоочу бассейн курууга көмөк көрсөтүүнү суранышты. Тургундар "Ата Мекен" партиясы жана анын лидери Өмүрбек Текебаевге көп жылдан бери элдин маселесин көтөрүп келе жаткандыгына ыраазычылыктарды билдиришти. Бул тууралуу Максат Кадырбаев билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан