Нурсултан Назарбаев Казакстандын өкмөтүн 17ден 12 министрликке чейин кыскартуу боюнча чечим чыгарды

Бүгүн, 6-августта кеңейтилген отурумда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн айрым министрликтерин жоюп, өкмөткө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимин жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
"Мен 12 министрликтен жана 30 комитеттен турган өкмөттүн жаңы структурасын түзүү боюнча чечим чыгардым. Буга чейин 17 министрлик, 9 агенттик, 54 комитет, 272 департамент болгон. Бардык 9 агенттик министрликтердин курамдарына комитеттер катары киришет",- деди өлкө башчысы.
Мындан тышкары ал жаңы 5 министрликтин түзүлөрүн баса белгиледи. "Өкмөттү тартипке киргизели. Казакстан дүйнөнүн өнүккөн 30 мамлекетинин катарына кириш үчүн башкаруу системин ушул мамлекеттердикиндей кылганыбыз туура. Чечим чыгаруу борборун өкмөттөн министрликтерге өткөрүп, керексиз майда-чүйдө иштерди жана бюрократизмди кыскартабыз",- деп түшүндүрдү Назарбаев.
Айта кетсек, КРнын Өкмөтү 15 министрликтен, 10 кызматтан, 7 агенттиктен, 3 фонддон, 2 инспекциядан жана 1 комитеттен турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан