Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого бюджеттен 230 миллион сом каралды

2015-жылдын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча чыгашаларына 314,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2015-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун коомдук талкуулоодо КРнын Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов билдирди.
"2015-жылга болгон көрсөткүч быйылкыга салыштырмалуу 2,3 эсе көбүрөөк, анткени кийинки жылы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Бул шайлоого 230 миллион сом каралган",- деди ал.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш келе жаткан сентябрда кабыл алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан