Израилдин Кыргызстан жана Казакстандагы элчиси Эли Тасман өлкөнүн желегин айрыгандыгы үчүн депутат Турсунбай Бакир уулун жоопкерчиликке тартууну талап кылып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Элчиликтин бул кадамын Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу туура деп эсептээрин бүгүн, 6-августта SUPER.KG порталына билдирди."Элчиликтин Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөнү туура. Анткени мекеме Израиль мамлекетинин Кыргызстан жана Казакстандагы өкүлчүлүгү. Алар реакция жасашы керек эле. Мен эч кандай капаланган жокмун. Андан көрө Израиль элчилиги жана "Менора" коомдук уюму дүйнө коомчулугунун көзүнчө Палестина элин геноцид кылып жатканын чечиши керек. Менин оюмча, бул жөн эле бет тырмагандык. Чындыкты айткан адамга кысым көрсөтүү десек болот",- деди ал
.Израиль элчилигинин жоопкерчиликке тартуу талабы боюнча: "Азыркы тапта биз Палестина элин колдоо комитетин каттоо менен алектенип жатабыз. Кыргызстан Палестина эмес, ошондуктан биз Израилге баш ийбейбиз. Мен Кыргызстандын жаранымын, мени эл шайлаган. Жазалайм десе мени бир гана шайлоочулар жазалай алышат. Башка мамлекет же башка улуттун жазалайм дегени - апендичилик, акылга сыйбаган нерсе",- дейт эл өкүлү.