20-январь күнү Ташчайнар лакап аты менен белгилүү болгон балбан Нурлан Алишеров “Украина - менин таланттарым” долбооруна аттанып жатканын кабарлады. “Быйыл “Украина - менин таланттарым” долбоорунун 5-сезону өтөт. Мен тишим менен таш сындырмай болуп жатам. Ошондой эле теримди көзөп шакекче тактырып, автобус сүйрөөнү пландап жатам. Автобустун салмагын билген жокмун, бирок ичине 30 киши отургузабыз деп жатышат” -дейт балбан. Буга кошумча Нурлан мырза бул телешоудон соң өз өнөрүн Германияда көргөзөрүн айтат. Нурлан Алишеровго ЖКдагы "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Карганбек Самаков демөөрчүлүк кылып жатканы маалым болду.