Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев 6-августта коргоо министри Абибилла Кудайбердиевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин комитеттеринин токтомдорунун жана чечимдеринин, ошондой эле КР Өкмөтүнүн токтом, буйрук жана тапшырмаларынын аткарылышы талкууланды.
Мындан тышкары коргоо министринин 2014-2015-жылдарга карата КР Өкмөтүнүн программасынын максат-милдеттерине жетишүү боюнча аракеттер планынын аткарылышы каралды.
Планга ылайык, алдыга коюлган стратегиялык милдеттер аткарылганы айтылды. Ошондой эле аскерлер жана жарандык кызматкерлер арасындагы суициддин алдын алуу боюнча нускаманы басып чыгаруу пландалып жатканы маалым болду.
Коргоо министринин баяндамасынан соң, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жалпысынан бардык пландаштырылган иш-чаралар өз мөөнөтүндө аткарылып жатканын белигилеп өттү. Бирок ага карабастан, өздүк курамда адамдык жоготуулар орун алууда. «Армия турмушунан уставдык эмес мамилелерди, басмырлоону түп тамырынан жоюу зарыл. Аскердик тартипти чыңдоо, бөлүктү өзүм билемдикке салып таштап кетүү, суицидге аракеттенгендикти болтурбоо боюнча кызматтык адамдардын жеке жоопкерчилигин күчөтүүгө басым жасоо керек»,- деди ал.