Жогорку Кеңеште Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңештери тарабынан Бишкек шаарындагы мектептердин лидер окуучулары үчүн уюштурулган “Парламент-2014” моделинин III пленардык сессиясы жана анын жабылуу аземи болду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Акназарова менен Бахтияр Кадыров, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мектеп мугалимдери, окуучу-депутаттардын ата-энелери катышты.
Депутат Роза Акназарова өлкөнүн билим берүү тармагында көптөгөн көйгөйлөр бар экенин, аларды тезинен чечүү зарылдыгын белгилеп, өзүнүн жаш кесиптештерин аларды биргелешип чечүүгө чакырды. “Кыргызстандын келечеги силерсиңер. Биз силердин жыйында козголгон маселелердин үстүндө иштеп жатабыз. Берилген сунуштар менен жүйөлөр сөзсүз эске алынат”,- дейт ал.
Талкуу жыйынтыгында Бишкек шаарынын лидер окуучулары "Парламент-2014" моделинин резолюциясын кабыл алышты.