Бүгүн, 11-августта вице-премьер-министр Валерий Диль кант кызылчасын өндүрүүчүлөр жана аны кайра иштетүүчүлөр менен көчмө жыйын өткөрдү. Маалыматты өкмөттүк аппараттан билдирди.
Иш сапарынын башталышында Диль "Кайыңды" кант заводунун техникалык абалы менен таанышты. Жыйында Кант өндүрүүчүлөр ассоциациясына ички рынок муктаждыгын жабуу максатында кант өндүрүү тармагын өнүктүрүүнүн инвестициялык программасын иштеп чыгууну сунуштады.
“Биздин шартта кант өндүрүү рентабелдүү болуп саналат. Биз кантты өндүрүүнү өнүктүрүүбүз керек. Өлкөнүн бул боюнча мүмкүндүгү мыкты, ага карата керектөөчүлөрдүн суроо-талабы ар дайым жогору”,- деди вице-премьер.