Бүгүн, 11-августта биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев мамлекеттик курулуш маселелери боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.
Жыйында Сарпашев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин курулуш тармагындагы жаңы баа түзүмүн иштеп чыгуу жана нормативдик базаны жаңыртуу боюнча алгылыксыз иши үчүн сынга алды. Андан сырткары Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Турдубек Мамбетовго бир жума аралыгында жаңы баа түзүмү боюнча календардык план жана курулуш норма-эрежелерин учурдагы мыйзам базасына ылайык келтирүү боюнча кадамдык аракеттерди иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жаңы баа түзүмүн 2014-жылдын 1-ноябрына дейре иштеп чыгуу тапшырылды.