Асылбек Жээнбеков Ирандын Ислам Кеңеш Межлисинин төрагасына көңүл айтты

 Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ирандын Ислам Кеңеш Межлисинин төрагасы Али Лариджаниге 10-августта көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген Тегеран шаарындагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта ЖКдан маалымдады. 

Төрага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өзүнүн атынан курман болгондордун туугандары менен жакындарына көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшө турганын билдирди.

10-августта Ирандын чыгышындагы Табас шаарына бет алган “Табан” авиакомпаниясына таандык учак Мехрабад аба майданында кырсыкка кабылып, 40ка чукул адам каза тапты. Учакта жалпы 48 адам бар болгон. Алардын ичинен жетөөсү - жаш балдар, сегизи - экипаж мүчөлөрү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан