Тажик чек арачыларынын огунан каза тапкан кыргыз жаранынын иши эки тараптуу иликтенет

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, тажик чек арачылары тарабынан бир кыргыз жараны атылып өлтүрүлүп, эки жаран барымтага алынганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

Кечээ, 11-августтагы жолугушууда эки тараптуу иликтөө жүргүзүү боюнча чечим кабыл алынган. Кыргыз тарап каза болгон Кыргызстандын жаранынын үй-бүлөсүнүн адвокатын да тергөө амалдарына катыштырууну талап кылышты. 

Ошондой эле эки тараптуу жолугушууга Тажикстанда барымтага алынган жарандардын туугандары да катышышты. Тажик тарап бүгүн кечинде барымтадагылар менен туугандарын телефон аркылуу сүйлөштүрүүнү убада кылды. Бул тууралуу 12-августта Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Эске салсак, Тажикстандын чек арачылары "чек араны мыйзамсыз өттү" деп кыргыз жарандарын кармашкан. Чоң-Алай районунун тургуну 46 жаштагы Аликин Кашеков орун алган атышуудан каза болуп, 30 жаштагы Давлатбай Гаимов жана 28 жаштагы Бекмырза Матирзаев Тажик Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилгени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан