Бүгүн, 12-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Кыргыз алтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун ишин карамак. Бирок жабырлануучу тараптын келбегендигине байланыштуу 18-августка жылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Эске сала кетсек, “Кумтөр” ишканасынан 200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткен” деп айыпталууда. Ал үстүбүздөгү жылдын май айында кармалган. Учурда №1-тергөө абагында отурат.