Айыл чарба министри чөптүн баасы кымбаттаганына карабай быйыл тоют маселеси жаралбай турганын айтты

Бүгүн, 12-августта журналисттер менен жолугушууда айыл чарба жана өнөр жай министри Таалайбек Айдаралиев: Бир боо чөптүн баасы 280 сомго чыгып кетти деп эл тынчсызданып жатат. Бирок бизде тоют жетиштүү”,- деп билдирди.

Анын айтымында, быйыл өткөн жылдардагыдай эле тоют камдалууда. Ошондой эле жүгөрү жана төө буурчактын сабагын жыйнап тоют даярдаса болот.

Тоют кымбаттап жатат” деп элди дүрбөлөңгө салып жаткандар - жеке ишкерлер. Ошолор чөптүн баасын кымбаттатып жатышат. Мен элге ишенимдүү түрдө айтып коёюн, эл кооптонбой койсо болот, чөп жетиштүү”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан